Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Коогада жакындарын жоготкондор наразылыгын билдиришүүдө


Ош шаарында июнь курмандыктарын эскерүү иш-чарасы бүткөндөн кийин коогалаңда жакындарын жоготкон 20-30га жакын тургун бүгүнкү иш-чарага чакырылбай калышканын, курман болгондордун туугандарына көңүл бурулбай жатканын билдирип чыгышты.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Эрнист Нурматовдун билдиришинче, алар бүгүн шаардык мэриянын алдындагы расмий ачылышы болгон “Энелердин ыйы” аттуу эстеликтин көрүнүшүнө нааразы болушууда. Чогулгандардын арасында “Ош шейиттери” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, июнь окуяларынан кийин жакындары табылбай калган жарандар да бар. Нааразылык билдирип чыккандарды тартип коргоо органдары тынчтыкка чакырууда.

Бүгүн эртең менен Ош шаардык мэриясынын алдында июнь окуяларын эскерүү иш-чарасы өткөрүлгөн. Ага өлкө башчысы, Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышып, кыргыз жана өзбек энелердин ыйлап жаткан элеси түшүрүлгөн “Энелердин ыйы” аттуу эстеликтин расмий ачылышы болгон. (KKs/ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG