Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Башкы прокуратура Human Rights Watch уюмуна жооп кайтарды


Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" (Human Rights Watch) уюмунун баяндамасында айтылгандарга карата Башкы прокуратура билдирүү таратып, уюмдун Кыргызстандын прокуратура органдарына карата айткан сындарына түшүндүрмө берди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, июнь коогалаңынан кийин камактагы кыйноолор боюнча 14 кайрылуу түшкөн. Булар боюнча тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүп, 13 кайрылууга мыйзамдын чегинде баш тартылган. Мындан улам Башкы прокуратура Human Rights Watch уюмунун Кыргызстандагы кыйноо фактылары боюнча берген маалыматтарын тактап жатканын, алардын ар бирине кийин жооп берээрин билдирүүдө.

8-июнда эл аралык Human Rights Watch уюму июнь каргашасынан кийинки тергөө жана сот иштери тууралуу “Бурмаланган адилеттик” аттуу баяндамасын жарыя кылган. Анда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы июнь коогасынан кийинки кыйноолор тууралуу 14 кайрылуунун 13ү боюнча кылмыш ишин козгобогонун, бирөө боюнча кылмыш иши ачылып, кийин негизсиз токтотулганын сындап чыккан. Баяндамада июнь коогасынан кийин көп учурда өзбек тектүү жарандар камакка алынып, кыйноого кабылганы белгиленген. (KKs)

XS
SM
MD
LG