Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:08

9-июнга карата 83 бала кызылча дартына чалдыкты


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, кызылча дартына чалдыккан учурлардын 66сы Ош облусунда, 16сы Бишкекте, бирөө Нарында аныкталган. Республикалык иммундук-профилактика жүргүзүү борборунун жетекчи орун басары Ольга Сафонованын айтымында, учурда бейтаптардын баары оорунун оор өнүгүүсүндө турат. Алар менен байланышкан адамдар да текшерүүгө алынып, ооруканалардагы башкалардан оолактатылган бөлмөлөргө жаткырылууда.

Кыргызстанда 2001-жылы массалык түрдө иммунизация жүргүзүүнүн натыйжасында 10 жылдан бери кызылча дарты менен ооругандар катталган эмес. Аталган дарттын эң бийик денгээли 1987-жылы байкалган. Анда 9,5 миң кызылча оорусу катталып, 303 бала андан көз жумган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG