Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Сириялык аскерлер Жиср аш-Шүгүргө кирди


Cириялык аскерлер өлкөнүн түндүк батышындагы Жиср аш-Шүгүр шаарын бошотуу операциясын баштаганын 10-июнда мамлекеттик телеканал маалымдады. Операция танктардын коштоосу менен жүрүүдө. Түркиянын чек арасындагы шаарда апта башында 120дан ашык полициячы жана аскер өлтүрүлгөн. Сирия өкмөтүнүн ырасташынча, 50 миң калктуу калаа азыр экстремисттердин ордосуна айланган. Бирок, маалыматтарга караганда, коопсуздук күчтөрүнүн катарында тополоң чыкканда кан төгүлгөн.

Армиянын чабуулунан корккон 2400дөн ашуун сириялык Түркияга өтө качканын ырасмий Анкара билдирди.

Үч айдан бери Сириянын ар кайсы бөлүгүндө президент Башаддын бийлигине каршы нааразылык акциялар жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG