Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:44

11-июнда айрым жерлерде өткүн өтөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 11-июнда Кыргызстандын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31, Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28, Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25, Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -0…-5 градус суук, күндүз 4…9 градус жылуу.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 28…30 градус жылуу болот. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG