Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Гейтс АКШ-Европа аскерий союзунун келечегине нааразы


Кошмо Штаттардын коргоо министри Роберт Гейтс “АКШ-Европа аскерий союзунун келечеги көңүл жубантпайт” деп эскертти.

Гейтс 10-июнда Брюсселдеги Коопсуздук жана коргонуу проблемалары институтунун окумуштуулары алдында сүйлөп, АКШнын өнөктөштөрүнүн “саясий эркинин жетишсиздигине жана коргонууга каражатты аз бөлгөндөрүнө” байланыштуу НАТОнун жөндөмдүүлүгүнөн күмөн санаганын айтты. Гейтстин сөзүнчө, Ливиядагы аскерий операцияга НАТОго мүчө өлкөлөрдүн теңи гана катышканы да тынчсызданырчу факт саналат.

XS
SM
MD
LG