Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Бээжин Вьетнамды деңиз талашын ырбатууда деп айыптады


Вьетнам аймактык чатакты кызытып, өлкөнүн күнкорсуздугуна жана кытайлык жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурууда деп билдирди 10-июнда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хун Лей.

Анын алдында Вьетнам кытайлык кемелер сейсмологиялык изилдөөлөр жүргүзүүдөбүз деп, талаштуу Түштүк Кытай деңизинде күндөп-түндөп жүргөнүн айтып, Бээжинди сындаган болчу.

Кытай соңку апталарда Вьетнам жана Филиппин менен деңиз аймагы боюнча араздашып жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG