Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:23

Эркин күрөш мелдешинин алгачкы жеңүүчүлөрү аныкталды


Бишкекте Каба уулу Кожомкулдун байгесине арналган эркин күрөшү боюнча эл аралык мелдештер уланууда. Бүгүн 60, 74 жана 96 кг. салмактарда күч сынашуулар өтүп, Кыргызстандын намысын Азиянын эки жолку чемпиону Базар Базаргуриев, Айбек Жусупов баштаган балбандар коргойт. Мелдеште Польша, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандан тандалган үч жүздөй балбан күч сынашууда.

10-июндагы мелдештерде жеңил салмакта баш байгени Кыргызстандын “Замандаш” спорт клубунун өкүлү Алтынбек Алимбаев жеңип алды. Ал эми финалда Алтынбекке утулган казакстандык Шокан Шингизов күмүш байгелүү болду.

Мелдеште үчүнчү болгон чымкенттик Эркебала Тургунбаев атаандаштары күчтүү экенин айтып, мелдештин деңгээли жогору болгонун кошумчалады. (EK)

XS
SM
MD
LG