11-июнда Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында унаага коюлган эки бомба жарылып, төрт киши набыт болду, кеминде 50 киши жараат алды. Полициянын маалымдашынча, бомба өкмөттүк мекемелерге туташ жердеги ресторандардын алдында жарылган. Багдаддан 390 чакырым түндүктөгү Мосул шаары Ниневех провинциясынын административдик борбору.