Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

ILO: Дүйнөдө 215 миллион тестиер ишке тартылган


Бүгүн, 12-июнь - балдар эмгегин колдонууга каршы эл аралык күн. Эл аралык эмгек уюмунун (ILO) эсеби боюнча, учурда дүйнөдө 17 жашка чейинки курактагы 215 миллион бала жумушка тартылган болсо, алардын 115 миллиондойу коркунучтуу иштерде иштешет.

Азия жана Тынч океан чөлкөмү тестиерлерди ишке тартуу жагынан алдыда турса, Африка өлкөлөрүндө кооптуу жумушта иштеген жеткинчектер көп. Кооптуу жумуштар катары балык уулоо, токой тармагы, айыл жана мал чарбачылыгы эсептелет деп жазылат уюмдун отчетунда.

Кыргызстандагы расмий булактардын маалымдашынча, өлкөдө 20 миңдин тегерегиндеги тестиер жумушка чегерилген. Ал эми бейрасмий маалыматтарда бул сан алда канча жогору экендиги айтылат. (МТо)

XS
SM
MD
LG