Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

ЭВКга хакерлер чабуул жасады


Эл аралык валюта кору - ЭВК компьютердик системасына хакерлерден чабуул жасалганын билдирди. Бирок ЭВК өкүлүнүн сөзүнчө, кордун компьютердик системасы “ырааттуу иштеп жатат.” Блумберг жаңылыктар агенттиги ЭВК компьютердик системасына жасалган киберчабуулдан “кордун кат-кабарлары жана башка документтери жоголгонун”, хакерлер “чет өлкөлөр менен байланышта иштешкенинен шек жок” экенин кабарлаган. “Нью-Йорк Таймс” гезити акыркы бир нече айда ЭВК тынбай өтө амалкөй хакерлердин чабуулуна кабылып жатканын жазат.

XS
SM
MD
LG