Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

“Кылым шамы” кайтарылган курал-жарактын эсебин сурады


“Кылым шамы” бейөкмөт уюму июнь коогасын иликтеген комиссиялардын кортунудуларынын негизинде ок атуучу куралдарды таратуу фактылары боюнча өз анализин берди.

Уюм бүгүн тараткан билдирүүдө Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия бул факттарды көз жаздымда калтырганы айылат. Ал эми Эл аралык комиссия бул туурасында учкай гана маалымат берип тим болгон. Июнь коогасын иликтөөгө алган парламенттик комиссия болсо бул маселеге кенен токтолуп, жарандардын ок чыгаруучу куралдарды басып алуу фактыларын ачыктаган.

“Кылым шамы” уюму парламенттик комиссиянын бүтүмүн талкуулоо учурунда Жогорку Кеңеште бул комиссиялардын тыянагына баа бере турган мамлекеттик комиссия түзүү сунушу айтылганын эске салып, мындай комиссия түзүлсө ага өз отчетундагы ок атуучу куралдардын жарандар тарабынан тартылып алынышы тууралуу маалыматтарды колдонуу сунушун берээрин белгилеген.

Аталган уюм мындан сырткары баш прокуратура аскердик техника, курал-жарактарды кимдер тартып алгандыгы тууралуу расмий маалымат берүүсүн, ИИМ кайра кайтарылган курал-жарактардын эсебин чыгаруусун талап кылган. (EK)

XS
SM
MD
LG