Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

ЖК комитети Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча долбоорду жактырды


Адам укуктары, тең укуктуулук жана коомдук уюмдар боюнча Жогорку Кеңеш комитети бүгүн Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда бошотсо боло турган убактарды белгилеген мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. “Омбудсмен тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүну сунуштаган бул долбоорго ылайык президент Акыйткачынын ордуна талапкерлерди сунуштоо укугунан айрылат. Ошондой эле, эгер Акыйкатчынын жылдык баяндамасы Жогрку Кеңешке жакпай калса, антын бузса, өз милдеттерин аткарбаса депутаттар аны кызматтан алууга укуктуу болушат. Бул үчүн жалпы депутаттардын үчтөн эки бөлүгү колдогон добушун бериши шарт болот. (EK)

XS
SM
MD
LG