Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Кыргыз эл артисти, композитор Насыр Давлесов дүйнө салды


Көрүнүктүү композитор, Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлорунун бири Насыр Давлесов кечээ кечки саат ондор чамасында, 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 15-июнда Абыдлас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөрүлүп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Насыр Давлесов 1929-жылы 15-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бишкектеги музыкалык окуу жайын, Москвадагы Чайковский атындагы консерваторияны бүтүргөн. 1956-жылдан баштап эл аспаптар оркестринде башкы дирижер болуп беш жыл иштеп, 1961-жылдан тарта кыргыз опера жана балет театрында жети жыл башкы дирижерлук кылган.

1962-жылдан СССР композиторлор союзунун мүчөсү. Ал кездеги В.Маяковский атындагы кыз-келиндердин педагогикалык институтунда 1968-1971-жылы музыка жана ырдоо кафедрасын жетектеген. Ошол жылдары жаңы ачылган Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда 1971-1983-жылдары ректор болуп иштеген.

Насыр Давлесов “Аста секин, колукту” опереттасын, “Курманбек” операсын, бир нече симфониялык чыгармаларды жазган. Анын чыгарган ондогон обондорунун ичинен “Жылкычы бозой”, “Айнаш”, “Саанчы жеңе” деген чыгармалары элдик ырга айланган.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин өлкөнүн гимнин көрүнүктүү композитор Калый Молдобасанов менен биргеликте жазган.

Насыр Давлесов “Ардак белгиси”, “Эмгек кызыл туу”, I-II даражадагы “Манас” ордени бир нече медалдар менен сыйланган. (AJ)

XS
SM
MD
LG