Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Эрдоган премьер-министрлик орунду үчүнчү ирет ээлейт


Режеп Тайып Эрдоган оппозициялык партиялар менен келишимге келе тургандыгын ал жетекчилик кылган «Адилет жана өнүгүү партиясы» (АӨП) жеңишке жеткенден кийин билдирди. Жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо мелүүн исламчыл багыттагы АӨП 50% чукул шайлоочулардын добушуна ээ болду. Бул болсо аталган партияга түрк парламентиндеги 550 мандаттын 325тей ордун ээлөөгө жол берет.

Эрдогандын партиясы авторитардык үлгүдөгү башкаруу ыкмасы үчүн сынга кабылганы менен шайлоого чейин эле жеңишке жетери белгилүү болчу.

2007-жылдагы шайлоодо АӨП парламенттеги 331 орунга ээ болгон.

Бул жолку шайлоодо башкаруучу партияга негизги атаандаш катары чыккан Республикалык элдик партия 25%, ашыккан оңчул «Улуттук кыймыл» 13% жана этникалык күрттөрдүн «Тынчтык жана демократия» партиясы 5,8% добуш алды.

XS
SM
MD
LG