Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

Венадагы кыргыз студенттеринин көйгөйү


Президент Роза Отунбаева Венадагы кыргызстандыктар менен жолугушууда, 8-июнь.
Президент Роза Отунбаева Венадагы кыргызстандыктар менен жолугушууда, 8-июнь.

Европадагы мартабалуу шаарлардын бири Венада жашаган кыргызстандык студенттерди кайсы маселе көбүрөөк тынчсыздандырат? Австриядагы кыргызстандыктар менен президент Роза Отунбаеванын жолугушуусунда «Азаттык» дал ушул суроого жооп табууга аракет кылды.

Австрияны байырлап тургандардын арасында ушул жерден түгөй тапкандар да, иштеп жүргөндөр да, качкын макамын алып жашап калгандар да жолугат. Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгүн албетте, студенттер түзөт. Өздөрүнүн эсеби боюнча жүздөн ашат. Алар маал-маалы менен жолугушуп турушат. Элчиликке келген студенттердин айткандарына караганда айрыкча парламенттик, президенттик шайлоо өнөктүктөрүнүн убагында жолугушуулардын саны арта түшөт.

Ойго салган он миң евро

Кыргызстан менен Австриянын ортосунда мамлекеттик стипендия берип, окутуу жөнүндө келишим жок. Ошондуктан, кыргызстандык студенттер дээрлик бул жерге өз чөнтөгүнө гана ишенип келишкен.

Бул жерде окуган студенттерди эмне үчүн билим берүү жаатында эки тараптуу келишимдер түзүлбөйт, башка өлкөлөр алган квота Кыргызстандын шыбагасына эмнеге тийбейт деген өңдүү суроолор тынчсыздандырат. Бул ирет да алар ушул маселени көтөрүштү. Бирок Австриянын жогорку окуу жайлары Евробиримдикке кирген мамлекеттердин эрежелерине ылайык иш алып барат жана артыкчылыктар ошол өлкөлөргө берилет. Жогорку окуу жайларга квоталар да Евробиримдиктин чечимине ылайык ыйгарылат.
Кыргызстанда убактылуу ушундай жагдай болуп атат. 50-жылдары португалиялыктар Европада, ирландиялыктар Америкада иштешчү. Жакшы күн келет. Мына биз өлкөнү парламенттик башкарууга бурдук. Биз бул форма бардыгыбыздын мамлекетти ачык башкарууга катышуубузга мүмкүндүк берет. Коррупцияны жоготуу үчүн колдон келгенди жасап атабыз.
Роза Отунбаева


Ага жараша Австриядан колдоо таап окуган кыргызстандык студенттер өтө сейрек учурайт. Алардын бири токой чарбасы адистиги боюнча докторантуранын акыркы курсунда окуп жаткан - Гүлназ Жалилова:

- Мен билгенден стипендия бере турган үч уюм бар эле. Алардын экөө жабылды. Бирөө болсо Кыргызстанга эч кандай стипендия бербейт. Эки тарап сүйлөшүп, студенттерди стипендия менен камсыз кылышса бир аз жеңилдик болот эле. Ушул сунуш менен келгем бул жерге. Мисалы, Биздин университетте Африка мамлекеттеринен, Азия мамлекеттеринен Непал, Бутан мамлекеттеринен келип окушат. Орто Азиядан эч ким жок, албетте. Ушул жакка көңүл бурулса студенттер келип билимин өркүндөткөнгө жакшы шарттар түзүлмөк.

- Чет өлкөдөгү кыргызстандык студент биринчи кезекте эмнени каалайт?

- Биринчи кезекте ар бир студент жакшыраак билим, тажрыйба алып кетейин деп ойлойт. Чет элдик студент кандайдыр бир деңгээлде патриот болот. Мисалы үчүн Кыргызстанда жаңылыктарга кулак түрүп, тынчсызданабыз, күнүнө жок эле дегенде бир саат убакыт бөлөбүз. Андан тышкары студентке иштеп, акча тапканга туура келет. Эки ой менен жашайт: иштеш керек жана окуш керек. Каржылоо жок болсо акчаны кайдан табышат? Ошон үчүн иштеп, аны окууга, жатаканага, тамак-ашка төлөш керек болот?

- Келечекте өзүӈдү Кыргызстанда элестетесиңби же башка максат барбы?

- Ар бир эле студенттин жүрөгүндө Кыргызстан турса керек, мен азыр докторантуранын акыркы курсунда жүрөм. Бүтөрүмө эки-үч ай калды. Ошол эле мезгилде Ооганстан, Тажикстан, Кыргызстан мамлекеттери боюнча эл аралык долбоордо иштеп жатам. Келечекте Кыргызстанга барып, анын өнүгүшүнө жардам берериме ишенем.

Өз каражатына келип окугандар кимдер?

Тигил же бул мамлекеттин эсебинен эмес, жанынан акча төлөп окугандардын бардыгын эле чөнтөгү калыңдардын катарына кошууга болбойт. Көп студенттер окуусуна да, жашоо-тиричилигине да ушул Венада каражат тапканга аракет кылышат. Алардын бири Элдар Бабаев экономика институтунун магистратурасында бешинчи курста окуп атат. Ал өз тиричилиги тууралуу кеп кылды:

- Мен деле иштейм, бир дүкөндө.

- Жашоо-тиричилигиңе жетип атабы анан?

- Австриянын мыйзамдары байытпайт дагы, жарды да кылбайт. Төлөйсүң, айлык аласың, кайра төлөйсүң – ошентип жашайсың.

- Билимиң үчүн ким төлөйт?

- Өзүм төлөйм. Семестрине 400 евро, бир жылга 800-900 евро кетет. Көбүнчө жашоо-тиричиликке кетет. Андан тышкары, бу жерде кыздар айткандай, жылына 10 миң евро табышың керек, банкка коюп турганга. Ошол проблема. Себеби визаны узартканда бир жылга жашаганга акчаң жетеби-жетпейби, ошону сурашат.

-Кыргызстанга кайтып барасыңбы?

- Буюрса, кетебиз. Мекенибиз үчүн окуп атпайбызбы?

Жакшы күн келеби?

Анткен менен студенттерде диплом алып, мекенине кайтып баргандан кийин ишти кантип табаар экенбиз деген сарсанаа бар. Президент менен жолугушууга келген студент кыздардын бири ушул маселени көтөрдү. Ал Кыргызстандан билимине төп, айлыгы тиричилигине жете турган иш таба албай коюп, көнгөн жерине кайтып келиптир:

- Жумуш таппай, биз кайра чет өлкөгө келип, окуубузду кайра улантууга, бала багып иштегенге аргасыз болуп атабыз, - деди ал.

Ошол эле мезгилде кыргызстандыктар үчүн бул өлкөдө жашоого уруксат алуу оңой эмес. Маселен, беш жылга окууга жолу ачылган студент өз визасынын мөөнөтүн Астанага (Кыргызстанда элчилик жок) барып узартып келип турат. Бул көп убараны, каражатты талап кылат.

Мындан башка дагы дагы бир баш оору – ар бир студент визасын узартуу үчүн бир жылга жете турган каражатын Австрия өкмөтүнө банк аркылуу көрсөтүшү керек. Каражат 10 миң евродон кем эмес болушу шарт. Бул аз эмес каражатты кыргызстандык студент кыйла убарачылык менен таап, көрсөтөт, кимдир бирөөнүн акчасын банк эсебине убактылуу котортуп, көрсөткөнгө да аргасыз болгондор бар. Ошондуктан, студенттер кыргыз бийлиги башканы коюп, ушуну чечип берсе деп ойлошот.

Бул маселени жолугушууда Адеми аттуу студент көтөрдү :

- Бул каражатты дайыма издеп жүрүп араң табабыз. Ар бир студенттин банктагы эсебине 10 миң евро берип койсоңор, анан виза керек болгондо ачып алсак бизге жеңил болот эле.

Эч болбосо үстөгү аз кредит берсе деле студенттер макул болчудай. Бирок мындай шарт жок, дегеле студентти өз эсебинен окутууга азыр Кыргызстандын чамасы жетпейт. Муну студенттерге Кыргызстандын Австриядагы элчиси Лидия Иманалиева каржылык муктаждык менен түшүндүрдү:

- Бизде бекер билим, жатакана, тамак-аш менен камсыздоого мүмкүнчүлүк жок.

Президент Роза Отунбаева болсо студенттердин айткандарын укту, бирок, убада берген жок:

- Кыргызстанда убактылуу ушундай жагдай болуп атат. 50-жылдары португалиялыктар Европада, ирландиялыктар Америкада иштешчү. Жакшы күн келет. Мына биз өлкөнү парламенттик башкарууга бурдук. Биз бул форма бардыгыбыздын мамлекетти ачык башкарууга катышуубузга мүмкүндүк берет. Коррупцияны жоготуу үчүн колдон келгенди жасап атабыз.

Элчиликке чогулган студенттер президент менен жолуккандан кийин өз тиричилигин улантуу үчүн жашоосу кымбат, бирок, мартабалуу Вена шаарына сүңгүп кетишти.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG