Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Сирия АКШнын кескин сынына кабылды


Сириянын коопсуздук күчтөрү Жиср эл-Шухр шаарынын тегерегиндеги айылдардан жүздөгөн кишини камашты. Буга чейин Сирия бийлиги 120 аскери козголоңчулардын колунан өлдү деп билдирген. Укук коргоочулар менен качкындар өлгөндөрдүн көпчүлүгү жай адамдар экенин айтып жатышат. АКШ Сирия өкмөтүнүн басмырлоосун катуу сынга алды.

- Тик учма аркылуу бул чабуул күнөөсүз жай тургундарга каршы жасалууда. Барган сайын кайра түзүү ою жок экендиги далилденүүдө. Биз Европадагы, аймактагы өнөктөштөрүбүз менен чогуу Сириядагы окуяларга көнүл буруу аракетин жасашыбыз керек. Асад аша чабууларын токтотушу керек, - деди АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тоннер

Бириккен Улуттар уюмунун билдиргенине караганда, Сирияда 10 миң киши качып кетти, алар Түркияда, Ливанда баш калкалап турушат.

XS
SM
MD
LG