Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

ММК боюнча Коомдук палата КТРК боюнча мыйзамды кайтарууну талап кылды


ММК боюнча Коомдук палата президент Роза Отунбевага Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Коомдук телеканал тууралуу мыйзамды кайтарууну талап кылган кайрылуу жолдоду. Коомдук палата мүчөлөрү бул мыйзамга коомдук каналдын Байкоочу кеңеши жана каржылык көз карандысыздыгы тууралуу сунуштар камтылбай калганын айтышууда.

Шашалыш түрдө кабыл алынган бул мыйзам КТРКнын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн белгилеп, палата мүчөлөрү бийликтен мурдагы өлкө башчыларынын катачылыктарын кайталабоого үндөдү.

“Шайлоо алдында КТРК ишине кийлигишпөө өтө маанилүү, анткени кыргызстандыктар ушул убакта объективдүү, салмактанган ар тараптуу маалыматка муктаж” деп жазылат кайрылууда. (EK)

XS
SM
MD
LG