Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Канада Ливиянын козголоңчуларын тааныйт


Муаммар Каддафи Эл аралык шахмат федерациясынын президенти Кирсан Илюмжинов менен шахмат ойноодо. Триполи ш. 12.6.2011.
Муаммар Каддафи Эл аралык шахмат федерациясынын президенти Кирсан Илюмжинов менен шахмат ойноодо. Триполи ш. 12.6.2011.
Мындай кадамы менен Канада Франция баштаган бир нече өлкөнүн катарына кошулууда. Өлкөнүн тышкы иштер министри Жон Бэйрддин бүгүн парламентте билдиргенине караганда, Канада ливиялык козголоңчулардын Өткөөл улуттук кеңешин Ливия элинин мыйзамдуу бийлиги катары тааныйт. Учурда Канада өкмөтү парламенттен өлкө аскерлеринин НАТОнун Ливиядагы миссиясына катышуу мөөнөтүн узартуусун суроодо. "Рейтер" агенттигинин кабарына караганда, азыркы консервативдик өкмөттү курган партиялар парламентте көпчүлүктү түзөөрүн эске алганда, маселе оңунан чечилчүдөй.

XS
SM
MD
LG