Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Сирия: нааразыларга каршы чабуул уланууда


Сириянын коопсуздук күчтөрү бийликке баш ийбегендерге каршы чабуулду улантууда. Бийлик аскерлери Жиср-ал-Шухр шаарынын айланасында жашагандардан кеминде алты кишини мерт кылганы кабарланды. Президент Башар Ассаддын күчтөрү Идлиб аймагына чабуулду «120 коопсуздук кызматкери өлтүрүлдү» деген негиз менен баштаган. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сирия өкмөтү өз калкына каршы катуу чабуул жасады деп билдирди:

- Сириядагы кырдаал абдан кооптуу. Ар бир көчө, айыл, шаар үчүн айыгыш бүт өлкөгө тарады. Өзгөрүүнү каалаган элге каршы өкмөт укмуштай чабуул жасап жатат.

Бул аралыкта АКШ Иранды Сирияга жардам берип жатат деп айыптады. Түркияга Сириядан 7 миң качкын барганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG