Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Кыргызстан чек ара коопсуздугу боюнча кеңеш түзүүнү колдойт


Президент Роза Отунбаева Шанхай кызматташтык уюмунун 10 жылдыгына байланыштуу Астанада өтүп жаткан мамлекет башчыларынын жыйынында сөз сүйлөп, ШКУга мүчө айрым өлкөлөр менен чек ара бөлүү маселелери чечилбей келатканын белгиледи. Президенттин айтымында, бул олуттуу тирешүү келечекте аймактарда жаңжалдын жаралышына түрткү бериши ыктымал.

Отунбаева Шанхай кызматташтык уюмун ушул маселелерге жүзүн буруп, талкуулап, изилдеп чыгууга, чыр-чатактуу маселелерди чечүүнүн механизмдерин иштеп чыгууга чакырды. Мындан сырткары Кыргызстан ШКУнун алкагында чек ара коопсуздугу боюнча кеңеш түзүү демилгелерди колдой турганын кошумчалады.

ШКУнун мааракелик жыйынына Тажикстан (Эмомали Рахмон), Өзбекстан (Ислам Каримов), Иран (Махмуд Ахмединежад), Ооганстан (Хамид Карзай), Орусия (Дмитрий Медведев), Пакистан (Асиф Али Зардари), Кытай (Ху Цзинтао) жана Казакстан (Нурсултан Назарабев) президенттери катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG