Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Сирия бийлиги качкындарды кайтууга үндөөдө


Сирия өкмөтү зомбулуктан качып Түркияга агылган миңдеген качкындарды үйлөрүнө кайтууга үндөөдө. Түрк расмий адамдарынын ырастоосунда, соңку күндөрү чек арадан сириялык 8 жарым миңге жакын киши өткөн.
Ал аралыкта өкмөттүк армия “куралдуу кылмыштуу топторго” каршы деген операцияны улантып жатканын билдирүүдө. Чек арага жакын Жиср ал-Шугур шаарына танктар жайгаштырылган.

Күбөлөрдүн айтымында, аскерлер үймө үй кыдырып, адамдарды камакка алышууда, турак-жайларды талап-тоноп, өрт коюп жатышат. Бул шаар президент Башар Асаддын режимине каршы көтөрүлүштүн очогу болуп келген. Жергиликтүү укук коргоочулар өкмөткө каршы акциялар башталган март айынан бери өлкөдө 1 миң 300дөй киши набыт кетти.

XS
SM
MD
LG