Ооганстан аялдар үчүн эң кооптуу жер. Мындай бүтүмгө Томсон-Ройтерс корунун эксперттери келишти. Сурамжылоого караганда, кеңири жайылган зордук-зомбулук, начар медициналык тейлөө жана жакырчылыктан улам Ооганстандагы аялдардын турмушун башка өлкөлөргө салыштырганда эң оор деп бааласа болот.
Андан кийин Конго демократиялык жумурияты, үчүнчүдө - Пакистан жайгашкан. Адистердин айтымында, Пакистанда өзгөчө үй-бүлө намысын коргоп өч алуу, жашы жетелек кыздарды күйөөгө берүү көрүнүштөрү көп жолугат.
Сурамжылоого 5 континеттен 213 эксперт тартылган. Алар коопсуздук кырдаалына, медициналык тейлөө, маданий, диний дискриминация, адам аткезчилигине өз баасын беришкен.