Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Композитор Насыр Давлесовдун сөөгү жерге берилди


Кыргыз эл артисти, Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлорунун бири Насыр Давлесовду акыркы сапарга узатуу зыянаты бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, ага бийлик өкүлдөрү, кесиптештери, жакын санаалаштары, Бишкек шаарынын тургундары катышты. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

“Аста секин, колукту” опереттасын, “Курманбек” операсын, бир нече симфониялык чыгармаларды жазган, “Жылкычы бозой”, “Айнаш”, “Саанчы жеңе” деген чыгармалардын автору Насыр Давлесов 12-июнда кечки саат ондор чамасында, 82 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG