Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Жалал-Абад селден 1 миллион сомдой чыгым тартты


Чукул кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунда сел жүрдү. Төрт каналга суу толуп жырылып кетти. Үйлөрдү суу каптап, 80ден ашык гектер айдалган жер жуулуп калды. Адистер учурда селдин кесепетин жоюу иштерин улантууда.

Катуу жааган жаандан Баткендин Сүлүктү шаары менен Лейлек району да жабыркаганы кабарланган. Чукул кырдаалдар министри Болотбек Борбиев Кыргызстанда сел жүрүшү мүмкүн деген 14 миңден ашуун кооптуу жер экенин “Азаттыкка” билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG