Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Жаштар парламенти түзүлүп жатат


Жаштар парламентинин биринчи жыйыны кийинки аптаныны башында парламенттин имаратында өткөрүлөт. Ага президент Роза Отунбаева, спикер Акматбек Келдибеков жана фракция лидерлери катышары күтүлүүдө. Жаштар парламенти Демократияны колдоо боюнча коомдук фонддун демилгеси менен ЮСАИДдин жана АКШ элчилигинин демократиялык комиссиясынын колдоосу астында түзүлүүдө. Анын курамын 18 жаштан 26 жашка чейинки 60 киши түзөт. Алардын отузу Бишкектен, отузу региондон атайы конкурстун негизинде тандалып алынган.

Уюштуруучуларды айтымында, алты айлык убакытка эсептелген бул долбоор саясатчыларды тарбиялоо максатын көздөп, аларга саясий багытын аныктоого жардам берет. (AzK)

XS
SM
MD
LG