Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Жазуучу Төлөгөн Касымбеков дүйнө салды


Жазуучунун уулу Райхан Төлөгөновдун “Азаттыкка” билдиришинче, Төлөгөн Касымбеков бүгүн (16-июнда) күндүзгү саат ондо каза болду. Жазуучуну акыркы сапарга узатуу чарасы эртең Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болот. Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков 10-июнь күнү кечинде кан басымы көтөрүлүп ооруканага түшкөн.
Төлөгөн Касымбеков "Сынган кылыч", "Кел-Кел" романдары жана башка чыгармалары аркылуу ХХ кылымдагы кыргыз адабиятына көөнөргүс из салган залкар калемгер жана коомдук ишмер эле.

(AzK)

XS
SM
MD
LG