Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Үй кызматкерлеринин укугун коргогон конвенция бекитилди


Эл аралык эмгек уюму үй кызматчыларынын укугун таануу жөнүндөгү конвенцияны көпчүлүк добуш менен жактырды.

Эмгек келишимдеринин эл аралык стандартын аныктоочу бул уюмдун маалыматына караганда, азыр дүйнөдө наристелерди багып, үй-бүлөгө тамак даярдап жана башка түрдүү үй кызматтарында 53 миллионго жакын адам иштейт.

Мындан ары жалданып иштеген үй кызматкерлери эргүүгө чыгуу жана медициналык камсыздоо укугуна ээ.

Конвенция Эл аралык эмгек уюмуна мүчө өлкөлөрдө улуттук парламенттер бекиткенден кийин күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG