Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

16-июнда Чехияда коомдук транспорт иштеген жок


Чех өкмөтүнүн социалдык-экономикалык реформалоо планына каршы 16-июнда транспорт тармагында эмгектенгендер иш таштады. Чехия боюнча коомдук транспорт жана темир жол каттамдары токтоду. Прагада биринчи жолу метро жабылды.

24 сааттык саясий акцияны транспорт тармагынын кесиптик кошуундары уюштурууда. Профсоюздар пенсия жана саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо боюнча парламент талкуулаган пландан көпчүлүк чехтер жапа тартат деп эсептешет. Премьер-министр Петер Нечес башындагы өкмөттүн түшүндүрүшүнчө, реформа мамлекеттик чыгымдарды баланстоо үчүн зарыл.

XS
SM
MD
LG