Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Аба Бакар Башир 15 жылга соттолду


Индонезиянын соту радикалдуу ислам диниятчысы Абу Бакар Баширди террорчулар машыгуучу борборду уюштурууга жана каржылоого жардамдашкан деп айыптап, 15 жылга кести. Жакартада 16-июнда болгон сотто сот төрагасы Хери Сванторо: “айыпталуучу Абу Бакар Башир ага коюлган айыптарды жасаганы мыйзамдуу жана ишенимдүү далилденди. Сот аны 15 жылга эркинен ажыратты”,-деп билдирди.

Ачех провинциясындагы базада чет элдиктерге жана байыстуу мусулман лидерлерине кол салууну пландаган түрдүү экстремисттик топтордун согушчандары чогуу машыккан.

72 жаштагы Башир өз үмөттөрүнү Индонезиянын дүниябий, демократиялык өкмөтүнө жана Батышка каршы жихадга чакырган.

XS
SM
MD
LG