Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Камчыбек Жолдошбаевге кылмыш иши козголду


Ош базарынын аймагындагы “Беш сары” ири соода борборунун ээси Камчыбек Жолдошбаевге каршы кылмыш иши козголду. Ага соодагерлердин арызынын негизинде “бейбаштык кылды”, “бирөөнүн мүлкүнө өзүм билемдик жасады” деген айыптар тагылууда.

ИИМдин маалыматына караганда, Жолдошбаев борбордун жанындагы жол боюнда соода кылып жаткандарды кубалап, товарларын чачкан.

Ош базарынын айланасындагы жол бойлорундагы сооданы токтотуу аракеттерин Бишкек шаар мэриясы жаздан бери көрүп, бирок майнап чыгара албай келатат.

XS
SM
MD
LG