Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Пан-Ги-Мун Ассады зомбулукту токтотууга чакырды


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сирия президенти Башар Асад менен телефон аркылуу сүйлөшүп, зомбулукту тезирээк токтотуп, оппозиция менен сүйлөшүүгө чакырды. Буга чейин Пан Ги Мун Асад менен байланышуу аракетинен майнап чыкпай атканын айткан.

12-июнда Идлиб провинциясында аскерий операция болуп, аны бийлик 120 полицейдин өлтүрүлүшү менен байланыштырган. Оппозиция болсо козголоңчулар тарабына өткөн күч кызматкерлерин бийлик өзү жок кылган деп жатышат. Укук коргоочулар жалпысынан Сирияда марттан бери кагылыштарда 1400дөн ашык киши мерт болгонун айтышууда.

XS
SM
MD
LG