Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Новосибирск: кыргыз-өзбек жарандарынын урушу тергелүүдө


Новосибирск шаарында курулушта иштеген кыргыз-өзбек жарандарынын ортосунда чыр чыгып, натыйжада 3 кыргызстандык бычак жеди. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияев жараат алгандардын бирөөсүнүн абалы жакшы экенин, экөө болсо ооруканага жаткырылганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бычактаган өзбек жараны кармалып, бул иш боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Маалыматка караганда, кыргызстандык жарандар иштеген курулушка өзбек жарандары келип, иштин жарымын берүүнү талап кылышкан. Кыргызстандыктар макул болбой койгондон кийин мушташ чыккан. (EBM)

XS
SM
MD
LG