Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Сириялык аскерлер түндүк-батышта шаарды кайтарып алышты


Мамлекеттик телеканал өкмөттүк аскерлер 100 миң калктуу Мараат ал-Нуман шаарына кирип, кайрадан көзөмөлдү орнотконун көрсөттү. Бул операцияда жабыркагандар болгон-болбогону али белгисиз. Шаардын көпчүлүк тургуну аскерлер оппозицияны басыш үчүн бул жерде операция өткөрүшөөрүн алдын ала билип, башка жактарга качып кеткен. Аскерлер бул жерден түштүгүрөөктө орун алган Хан Шейхун шаарына да киришкени айтылууда. Ал арада оппозиция элди бүгүн жума намаздан кийин президент Башар ал-Ассадга каршы алкактуу демонстрацияга чакырды. Кечээ президенттин бөлөсү, өлкөдө эң таасирдүү бизнесмен аталган Рами Маклуф, эми бизнеске аралашпайм деп касам ичкен эле.

XS
SM
MD
LG