Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:56

Сауди айымдары унаа айдагысы келет


Украиналык ФЕМЕН кыймылынын активист айымы сауди аялдарынын укугун коргоп чыкты.
Украиналык ФЕМЕН кыймылынын активист айымы сауди аялдарынын укугун коргоп чыкты.

Сауд Арапстанда аялдар унаа айдоого салынган тыюуга каршы нааразылык акциясын башташты. Бирок алар чурулдап көчөгө чыкпастан, чет өлкөдөн алган айдоо күбөлүгү менен машина айдап чыгышууда.

Кыргызстандын жолдорунда машина айдагандардын балким тең жарымы аялдар, бүгүн аларсыз жол кыймылын элестетүү да кыйын.

Сауд Арапстанда аялдардын машина айдоого укугу жок. Буга мыйзамда тыюу жок, бирок эскичил молдолор аялдар машина айдаганын арам деп эсептешет. Ал эми молдолордун сөзүн сауд бийликтери эки кылбай турганы маалым.

Өткөн айда саудилик бир аял машина айдап бараткан тасмасын интернеттеги Youtube порталына жайгаштыра койом деп, тогуз күнгө кесилген эле. Аялдардын козголоңу мына ушул окуядан башталды.

Акциянын катышуучулары кыз-келиндер болгону менен, колдоочулары жана уюштуруучулары арасында албетте эркектер да бар. Алардын бири Мухаммад ал-Кахтани баш калаа Ар-Рияддагы Сауди Жарандык жана Саясий укуктар уюмунун жетекчиси:

– Биз жалтанбас эр жүрөк болушубуз керек. Биздин өлкөнүн саясий жетекчилиги, интеллигенция бул маселени толугу менен жөнгө салышы керек, аялдар өздөрүнүн табигый укуктарынан айрылганы туура эмес.

Айымдардын рулда отурушуна салынган тыюу алардын күнүмдүк турмушунда көп оорчулуктарды жаратат. Бул тууралуу Жедда шаарында жашаган Ум Абдулла деген келин мындай дейт:

– Аялдар машина айдай ала турган болсо жакшы болот эле. Себебин сурасаңыз, бизге кыйын эле - көчөгө чыккан сайын такси издейсиң, машинаңды айдаганга эркек тууганыңа көз карандысың, же чет элдикти жалдаш керек. Бул акча маселеси эмес, бул бизге психологиялык оорчулук болуп жатат.

Мында коопсуздук көйгөйү да бар:

Эгер мен машинаны өзүм айдасам, эркек тууганыма жалдырабайм. Ишимди бүтүрүп, балдарды мектепке өзүм алып бармакмын. Такси айдоочудан да арылам. Алар адатта чет элдиктер болушат. Демек менин коопсуздугум да кепилденет.

Аялдардын машина айдоосуна салынган тыюунун кесепеттерин эркектер да билишет. Жеддалык Мухаммад ал-Насир эреже өзгөрсө, ишинен да кыйналбай, анын үстүнө акчага сарамжал болмок экенин айтат:

- Өзүңөр билгендей, баланы мектептен алып, же аялыңды доктурга жеткириш үчүн иштен сураныш керек. Эгер менин аялым өзү машина айдаганда, мисалы мектеп сыяктуу күнүмдүк милдеттерим азаймак. Балдарым бөтөн айдоочу эмес, энеси менен болсо да көңүлүм тынч болмок.

Нааразылыктын тынчтык мүнөздөгү формасын тандап алган сауди аялдарынын соңку акциясынан кандай майнап болоорун азырынча айта албайбыз. Бирок бир айым баш калаада 45 мүнөт рулдан түшпөй, машина айдап, шаарды айланып жүргөндүгү кабарланды. Бул аялдардын шайлоого да укугу болбогон өлкө үчүн чоң жетишкендик болду окшойт.

XS
SM
MD
LG