Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Бүгүн Сириядагы митингдерде 8 адам набыт болду


Оппозицияны колдогон демонстрациялар Хомс, Баниас, Дейр эл-Зур, Даел жана Доума шаарларында өттү. Коопсуздук күчтөрү ок чыгарганда кеминде сегиз адам набыт болгону кабарланууда. Мурдараак сириялык аскерлер түндүктөгү эки шаарды оппозициядан кайтарып алышканы айтылган. Мамлекеттик телеканал өкмөттүк аскерлер 100 миң калктуу Мараат ал-Нуманга жана андан түштүгүрөөктө орун алган Хан Шейхун шаарына кирип, кайрадан көзөмөлдү орнотконун көрсөткөн. Нумандын көпчүлүк тургуну аскерлер оппозицияны басыш үчүн бул жерде операция өткөрүшөөрүн алдын ала билип, башка жактарга качып кеткен. Сирияда президент Башар ал-Ассадка нааразылык демонстрациялары быйыл марттан бери өтүп келатат.

XS
SM
MD
LG