Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Кыргыз президенти депутаттарды сөз эркиндигин коргоого чакырды


Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Жогорку Кеңештин "Фергана.Ру" сайтына кирүүгө бөгөт коюу жөнүндөгү токтомун натуура жана шашылыш кабыл алынган чечим деп эсептей турганын билдирди.

“Мурунку учурдагыдай оппоненттерибиз менен сынчыларыбыздын оозун жапканга аракет кылбай, алар менен диалог куруп, талашып-тартышып иш алпарабыз. 7-апрелдеги окуялардын алдында да "Фергана.Ру" сайтына кирүүгө мүмкүнчүлүк жок болгондугун унутпасак», - деп билдирди Президент.

Кыргыз парламенти ушул аптада Башкы прокуратурага “Фергана.ру” сайтына kg зонасында бөгөт коюу тапшырмасын берген. Чечим июнь коогасы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын бүтүмүнүн негизинде кабыл алынганы айтылган эле.

Президент соңку билдирүүсүндө, мындан тышкары, Байкоочу кеңеш менен Коомдук телерадиокорпорациянын жетекчилигинин аларга Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан кысым көрсөтүү болуп жаткандыгы жөнүндөгү маалыматына кабатырланып жаткандыгын билдирди.

КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев парламенттин айрым өкүлдөрү Коомдук каналдын маалыматтык блогун тескеп, кийлигишкиси келип жатканын "Азаттыкка” бүгүн билдирген. Бирок сөз кимдер болуп жатканын ачыктаган эмес.

“Биз Коомдук телевидениени мурун авторитардык режимге кызмат кылып келген журналисттер эми депутаттарды тейлеши үчүн түзгөн эмеспиз, - делет президенттин билдирүүсүндө. - Телевидение мурдагыдай бийликти мактап-жактоо менен алпурушпай, элге иштеп бериши керек жана коомдук кызыкчылыкты коргошу зарыл».

Мамлекет башчысы Конституцияда жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген нормативдик-укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынгандыгына Жогорку Кеңештин депутаттарынын көңүлүн буруп, жарандардын укугун, эркиндигин коргоого бекем тураарын айтты.

“Биз өлкөдө коркуу жана цензура өкүм сүргөн абал түзүлүшүнө жол бербейбиз», - деди Р.Отунбаева. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG