Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Гейтс министр катары акыркы сөзүн журналисттерге айтты


Роберт Гейтс. 9-июнь 2011
Роберт Гейтс. 9-июнь 2011

Роберт Гейтс 16-июнда АКШнын Коргоо министри катары соңку ирет маалымат жыйынын өткөрдү. Ал кабарчылардын АКШ Ооганстанда “жеңишке жетүүдөбү” деген суроосун жоопсуз калтырды.

Бирок президент Барак Обаманын стратегиясы ийгиликтүү аткарылып жаткан айтты. Гейтс ошондой эле “ал-Кайиданын” жаңы лидери аз-Завахириге террорчул уюмдун мүчөлөрү көп ишенишпегенине кабарчылардын көңүлүн бурду.

Гейтс суроого дипломатча жооп бергенде

Роберт Гейтс менен болгон маалымат жыйынында кабарчыларды баарынан да анын Ооганстандагы согушка жана “ал-Кайиданы” жок кылууга байланыштуу пикирлери кызыктырды.

Кабарчылар бири 68
Америкалык аскерлер. Кандагар провинциясында. 12-июнь 2011

жаштагы Гейтстен Кошмо Штаттар Ооганстанда “жеңишке жетүүдө” деп айтса болобу деп сурашканда, ал “менин төрт жарым жылдык тайжрыйбам “жеңүүдө” жана “жеңилүүдө” деген сыяктуу сөздөрдү колдонуудан этият болууга үйрөттү”,- деп дипломатча жооп берди.

Ал 2006-жылдан бери Пентагонду жетектегендиктен, бул эки маселени жүзөгө ашырууда президент Обамага түз жооп берчү адам саналат.

Гейтс бирок Ооганстандагы миссиянын негизги максаттары ийгиликтүү аткарылып жатканын баса белгиледи:

- Мен айта алам: президенттин стратегиясын аткарууда биз ийгиликке жетиштик деп ишенем жана биздин аскерий операциябыз талиптердин элдүү аймактарды көзөмөлдөөсүнө жол бербөөдө, алардын кубатын азайтууда, Ооганстандын улуттук коопсуздук күчтөрүнүн жөндөмүн жакшыртууда ийгиликтүү болду деп ишенем. Бул үч милдетти жана талиптер заманын өзгөртүүнү президент 2009-жылы декабрда бизге жүктөгөн. Бул төрт иште тең ийгиликке жетиштик деп ойлойм.

Гейтстин сөзүнчө, Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүү АКШнын улуттук коопсуздугуна зыян келтирбөөсү жана эл аралык стабилдүүлүккө салым кошуусу керек. Бул эки иш, анын айтымында, Иракта толук аткарылганы калган.

Гейтс 2007-жылы президент Бушту Ирактагы аскерлерди көбөйтүүгө көндүрүп, Саддамдын кийинки өлкөдө абалдын турукташына жетишкен. Америкалык аскерлерди Ирактан чыгаруу да анын жетеги астында жүргүзүлгөн.

Ооганстанга кошумча аскер жөнөтүүнүн демилгечиси да Гейтс болгон.

Гейтсти Обаманын планы министрликтен кетирди

Роберт Гейтстин министрликтен кетүүсүн Барак Обаманын 1-июлдан тарта Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгара баштоо тууралуу планы тездетти. Азыр Ооган жеринде америкалык 100 миң аскер бар. АКШ президенти аскерлердин саны олуттуу кыскартылыш керек деп эсептейт. Гейтс аскерлерди акырындап азайтуунун тарапкери.

Пакистан талиптеринин саркери Умар Халид Хорасани. 2-июнь 2011
Роберт Гейтс 16-июндагы жыйында “ал-Кайиданын” жаңы лидери Айман аз-Завахиринин алдындагы кыйынчылыктарга да токтолду.

-Менимче, аны айрым проблемалар күтүүдө. Бин Ладен башынан эле “ал-Кайиданы” жетектеди.

Анын өз харизмасы бар эле. Бин Ладен операцияларды жетектөөдө Завахириге караганда бир кыйла тажрыйбалуу болчу деп ойлойм.


Бирок серепчилер акыркы жылдары бин Ладен “ал-Кайиданы” тактикалык жактан жетектөөдө чоң маани ойнобой калган дешет.

Гейтс египеттик Завахириге “ал-Кайиданын” мүчөлөрү Саудияда туулган бин Ладендей ишенишпесин да белгилеп, террордук уюм өзүн сактоого тырыша турганын жана АКШга кол салуу аракетин токтотпосун белгиледи.

Бул пикирди маалымат жыйынында АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими Майкл Мюллен да колдоду.

"Завахири жана анын уюму бизге алиге коркунуч жаратышууда. Биз бин Ладенди издеп жок кылууда ийгиликке жеткендей эле, Завахирини да жок кылабыз,"-деди быйыл күздө кызматтан кеткени жаткан адмирал Мюллен.

Роберт Гейтс 30-июнда Коргоо министри кызматынан кетет. Анын ордуна президент Обама буга чейин АКШнын Борбордук чалгындоо кызматын жетектеген Леон Панеттаны сунуш кылган. Панеттаны талапкерлигин Конгресс колго сала элек.

XS
SM
MD
LG