Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Курултайда концепция жактырылды


Кыргызстан Элдери ассамблеясынын кезексиз 7-курултайында этностук саясат жана Кыргызстандын коомчулугун баш коштуруу концепциясы жана 2015-жылга чейин аракеттенүү планы жактырылды. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул концепциянын негизинде мыйзам долбоорлорун иште чыгуу, өкмөткө, жергиликтүү бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына планды ишке ашырууга көмөктөшүү, бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо чечимдери кабыл алынды.

Мындан тышкары курултайдын делегаттары Кыргызстан элдери Ассамблеясынын жаңы уставынын долбоорун колдошту. Ревизиялык комиссияны бекитишти жана ушул бирикменин Кеңешинин 65 адамдан турган курамын түзүштү.

Кыргызстандын элине кайрылуунун сунушталган долбоору жакын арада Курултайдын делегаттарынын кошумча-алымчалары, сунуштары менен толукталып, ММКга жарыялана турган болду.

Кыргызстан элдери ассамблеясынын кезексиз 7-курултайы Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөрүлүп, ага 800гө жакын делегат жана президент, спикер баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. (KKs)

XS
SM
MD
LG