Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Майыптар өзгөчө камкордукка муктаж


Расмий маалыматка караганда, учурда Ош облусунда 29,5 миң майып жашайт.

Ал эми социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 46 миңди чамалады. Демек 153 миң чакты киши жакырчылыктын чегинде жашап жаткан чагы.

16-июнда 73 майыпка Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы 73 коляска тапшырды. Мындай жөрөлгөлөр дагы улантылаары маалымдалды.

Ош облустук социалдык коргоо кызматынын башчысы Рустам Бакиров белгилешинче, майыптардын саны жыл өткөн сайын көбөйүп баратат.



Ал эми Ноокат районунун Гулистан айылынын келген майып, 94 жаштагы Камал Махмудов жараткан эл башкаруучуларына ыйман-нысап тартуулашын тиледи.

- Ылайым баарыбыздын өмүрүбүз узак болсун. Эли-журтубузга ар дайым аманчылык тилейм. Баары сак-саламат жашасын.

Жетекчилерибиз элин ток кармасын, алардын да иштерин ар дайым ийгилик жылоолосун. Айтор кудай жетекчилерибизге да, эли-журтубузга да бейкутчулук жана узак өмүр насип этсин.


Ал эми Алай районунан келген майып Зиягүл Исмаилова бөлүнүп жаткан жардам баарына текши тиет деген тилекте.



Ош облус губернатору Сооронбай Жээнбеков мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерине мамлекет тарабынан камкордук акыркы жылдары кыйла күчөтүлгөндүгүн белгиледи.

Жээнбеков майыптар өздөрү да жөн жатпай өлкө экономикасы өнүгүшүнө кызыкдар экендигин кошумчалады.

Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы мындай жардамдарды жетимиштен ашык мамлекетте берип келатат.

Аталган ассамблеянын Кыргызстандагы жетекчиси Саид Баюми бул биринчи жана акыркы жардам эмес экендигин жар салды.

XS
SM
MD
LG