Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Коогада чыгым тарткан ишкерлердин 90% көмүскө иштеп келишкен


Бул тууралуу Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, былтыркы июнь каргашасында чыгым тарткан ишкерлердин көбү мыйзам чегинде иш алып барганын далилдөөчү документтерди көрсөтө албай жатышат. Натыйжада ишкерлердин 90 пайызга жакыны көмүскө экономиканын бир бөлүгүн түзүп, жашыруун иштеп келишкен.

Буга чейин кыргыз өкмөтү июнь окуяларында жеке бизнеси жабыркаган ишкерлерге 50 миң сомдон төлөп берилээрин кабарлаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG