Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

Ош жана Жалал-Абадда жаштар борборлору ачылат


Бул тууралуу Жаштар иштери боюнча министрликтин басма сөз катчысы Нуржан Найзабекова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, учурда сегиз жаштар борбору Жалал-Абад облусунда ачылды, эми Ош аймагында да сегиз борборду ачуу аракеттери жүрүүдө. Бул борборлор аймактардагы жаштардын акысыз билим жана кеңеш алышына шарт түзмөкчү:

«Жаштар борборунда тил үйрөнүү курстары, компьютердик курстар жана кесиптик билим боюнча сабактар бекер өткөрүлөт», - деди Нуржан Найзабекова.

Бул долбоор Жаштар иштери боюнча министрликтин демилгеси жана ЮНИСЕФ, БУУнун Өнүктүрүү программасы өңдүү бир катар уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылууда. Буга чейин ушундай жаштар борборлордон бешөө Нарын облусунда да ачылган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG