Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Түштүк Корея: аскерлер эл ташыган учакты аткылады


Түштүк Кореянын аскер күчтөрү эл ташыган учакты Түндүк Кореянын аба күчтөрүнүн учагы менен алмаштырып аткылоого алганын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.

Аскерлер Кытайдан учуп келаткан «Asiana Airlines» авиакомпаниясынын учагына 99 жолу ок чыгарышкан. Эч ким жабыркаган жок. Аткылоо болгон маалда ичинде 119 жүргүнчүсү бар учак Сеул аба майданына конууга камданып келаткан.

Учурда Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосунда талаш жараткан Сары деңиз аймагында кырдаал курчуп, айрыкча Түштүк Кореяга чабуул күчөп жатканы кабарланууда.

Жыл башында эки өлкөнүн аскер күчтөрүнүн сүйлөшүүлөрү аркылуу кырдаалды жакшыртууга болот деген үмүттөр азырынча акталган жок.

XS
SM
MD
LG