Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Марокко: оппозиция каршылык акцияларга камынууда


"Феврал 20" кыймылынын өкүлдөрү падыша Мохаммед VI конституциялык реформа боюнча билдирүүсүнө нааразылык билдирип, митингге чыга турушкандыгын билдирди.

Аталган демократиялык багыттагы кыймылдын мүчөлөрү падыша убада кылган реформалар жетишсиз, радикалдык өзгөрүүлөр зарылдыгын белгилешет.

Жума күнү кечинде Мухаммед VI өз сөзүндө Марокко демократиялык реформага барып, парламенттик системаны чыңдай тургандыгын билдирген. Ошол эле учурда падыша колунда өтө чоң бийликти кармап, армия менен Коопсуздук кеңешинин башчысы бойдон кала берет.

XS
SM
MD
LG