Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Карзай АКШ талиптер менен сүйлөшүп жатканын ачыктады


Ооган президенти Хамид Карзай АКШ бир катар өлкөлөргө кошулуп, 10 жылга созулган урушту басуу аракетинде козголоңчул талип лидерлери менен сүйлөшүүлөргө барып жатканын расмий тастыктады.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Кейтлин Хэйден америкалыктар талиптер менен байланышта экенин тастыктаган жок. Бирок АКШ оогандардын элдешүүсүн колдоорун билдирди.

Президент Карзайдын жогорудагыдай билдирүүсү ишембиде армиянын кийимин кийген жанкечтилер полиция бекетинде бомба жардырып, андан бери дегенде 9 киши набыт болгондон кийин чыкты.

Талиптер эл аралык күчтөр Ооганстандан кеткенден кийин гана ооган өкмөтү менен сүйлөшүүгө бараарын расмий билдирип келет.

XS
SM
MD
LG