Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Берген эмес, алган мартпы?


Оштогу былтыркы коогада ишкер Саламат Исакованын да чакан бизнеси күйүп кеткен, 2010-жылдын 23-октябрында тартылган сүрөт.
Оштогу былтыркы коогада ишкер Саламат Исакованын да чакан бизнеси күйүп кеткен, 2010-жылдын 23-октябрында тартылган сүрөт.

Ошто июнь коогасынан жабыркап, насыяларын төлөй албай калган ишкерлердин күрөөгө койгон мүлкүн коммерциялык банктар өткөрүп алууга аракеттенүүдө

Бул боюнча жабыркаган ишкерлердин “Адилеттикке жол” коомдук уюму насыяларды төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча өкмөттүн чечими аткарылбай жаткандыгын айтып чыгышты.

Ошто июнь коогасында мүлкү зыянга учураган жүздөгөн ишкерлер азыркы учурда коммерциялык банктардан алышкан насыяларын төлөп бере албай жатат.

Үйлөрүн тарттырып жиберүү коркунучу


Буга байланыштуу комммерциялык банктар ишкерлердин күрөөгө коюлган үй-мүлктөрүн өткөрүп алуу аракети менен сотторго доо арыздары менен кайрылышкан. Оштогу өзбек тектүү ишкер Азатхан Мажитова коммерциялык банктардын кысымы күчөгөндүгүнө токтолду:

- Коогалаңда биздин буюмдарыбыз таланып-тонолуп кеткен. Андан кийин банктар биздин насыяларды төлөөнү алты айга чейин узартып беришти. Мен банктын башкы жетекчилигине арыз жазсам, калган бөлүгү гана эмес, үстөгү жана кошумча жазанасы менен төлөйсүң деген жооп келиптир. Биз эми муну кантип төлөйбүз. Биздин тапкан-көргөнүбүз жок болуп кетип, олтуруп калган болсок эми эмне кылабыз деп башыбыз ооруп жатат.

Учурда Ош шаарында жабырлануучу катары катталышкан ишкерлер “Адилеттикке жол” аттуу коомдук уюм түзүшүп, өздөрүнүн кызыкчылыгын коргоо аракеттерин көрүшүүдө.

Аталган коомдук уюмдун жетекчиси Таалайбүбү Исалиева жабыркаган ишкерлердин көпчүлүгү мындай оорчулукту көтөрө албай жатышкандыктарынан кеп салды:

- Биз адатта насыя алганда көбүнчө үйлөрдү күрөөгө койобуз да. Мына ошол мүлктөргө азыр камак коюлуп жатат. Насыяларды төлөй алышпай көпчүлүк ишкерлерибиздин үйлөрүндө чатак чыгып, инфарк, инсульт болуп ооруп калгандарыбыз да болуп жатат. Ал гана эмес, өзүбүздү - өзүбүз өрттөйбүз дегендер да болуп жатат.

Аткарылбаган убада


Өткөн жылкы июнь окуясынан кийин Убактылуу өкмөт жабыркаган ишкерлерди салыктан жана бажы төлөмдөрүнөн бошоткон. Мындан сырткары быйыл жазда өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев коммерциялык банктарга насыяларды төлөө мөөнөттөрүн узартууга көмөктөшүүсүн улуттук банкка тапшырган. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев коммерциялык банктар менен сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин белгиледи:

- Биз банктардын филиалдарынын жетекчилерин чакырып, насыялардын мөөнөттөрүн белгилүү бир мезгилге чейин узартуу маселесин койгонбуз. Андан кийин өкмөт башчысы дагы бул боюнча банктардын төрагалары менен жолугушууда бул маселени көтөргөн. Бирок эми биздин айткан сөздөрүбүз аларга жетпей жатса буга кандайча комментарий бериш керек.

Ошол эле учурда коммерциялык банктын өкүлдөрү буга чейин насыяларды төлөө жетиштүү мөөнөткө узартылгандыгын айтышып, мындан каржы мекемелери дагы оңой эмес чыгым болуп жатышкандыгын белгилешти. Ал эми күтүүсүз кырдаалда жабыркаган ишкерлер уюму бул маселе боюнча көмөк издеп, өкмөт менен парламентке кайрылуу жолдошту.
XS
SM
MD
LG