Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

"Бетадагы" чыр: чекилик кимден кетти?


Айыпталуучу Гүнеш Йылмаз Биринчи май райондук сотунда, 2010-жылдын апрель айы. Азыр анын кайда экени белгисиз.
Айыпталуучу Гүнеш Йылмаз Биринчи май райондук сотунда, 2010-жылдын апрель айы. Азыр анын кайда экени белгисиз.

“Бета Иншаат Ятырымчылык” түрк фирмасынын жетекчилиги кыргыз бийликтерине кайрылып, жаштардын айрым топтору кысым көрсөтүп жатат деп даттанды.

Бишкекте иштеген түрк жаранынан запкы көргөн Чолпон Орузбаеванын жактоочулары өткөн ишембиде Түркиядан келген ишкерлерге таандык “Бета-Сторес” соода үйүнүн алдына митингге чыгып, Түркиянын желегин алып түшкөн эле. Кызга зомбулук көрсөттү делген түрк жаранынын дайыны алигиче белгисиз.

Үч кызматкер иштен алынды

“Бета Иншаат Ятырымчылык” түрк фирмасынын баш директору Салих Эрдоглу 20-июндагы маалымат жыйынында Кыргызстан президентине, парламент төрагасына жана өкмөт башчысына кайрылды. Директор “белгисиз күчтөр компаниянын эки кызматкеринин ортосундагы араздашууну колдонуп, улут аралык кастыкты тутантып жатат", деп чара көрүү өтүнүчүн бийликке жолдоду.

Жабырлануучу Чолпон Орузбаева Жогорку Соттун алдында, 2011-жылдын 7-июну.
- Бир нерсени тактап алсак. Митингге чыккандар чындап эле компанияда иштеген кыргыз кызынын таламын талашып жатабы, же алар таптакыр башка кызыкчылыктар менен чыгыштыбы? Балким алардын арасында компанияны жабууну каалаган өздөрүнүн меркантилдик кызыкчылыктары бар адамдар барбы деген ой келет. Бул митингдин аркасында башка чагымчыл күчтөр тургансыйт. Ошондуктан биз бул адамдарды аныктап, таап, жоопкерчиликке тартуу боюнча тийиштүү органдарга кайрылганы жатабыз.

Салих Эрдоглу өткөн ишембидеги митингдин катышуучулары “Бета-Сторес” соода борборун талкалоо аракетин жасаганын, имарат алдында илинип турган Түркия желегин алып түшкөнүн чекилик деп эсептейт.

Аталган супермаркетте иштеген кыргыз кызы Чолпон Орузбаевага байланышкан окуядан кийин үч кызматкер иштен алынганын айткан Эрдоглу күнөөлүүлөр сот аркылуу жазасын алууга кызыкдар экенин билдирди.

Талам талашкандардын талабы

18-июнда бир катар жаштар түрк жараны Гүнеш Йылмаздан запкы жеди делген Чолпон Орузбаеванын таламын талашып чыккан эле. Анда жаштар кызга зомбулук көрсөттү деп айып тагылып жаткан Гүнеш Йылмаз кармалгыча “Бета-Сторес” соода үйлөрүн жабуу, Чолпон Орузбаевага компенсация төлөө өңдүү талаптарды коюшкан.

Ошондой талап менен чыккан “Жаштар кеңеши” уюмунун жетекчиси Мавлян Аскаров “Бета-Сторес” Орузбаевага иш маалында зыян келтирилгендиктен 50 миң доллар компенсация төлөш керек деп эсептейт.

Мавлян Аскаров Чолпондун таламын талашкан митингде, 2011-жылдын 7-июну.
- Биз азыр бул кыз менен сүйлөшүп турабыз. Учурда анын абалы оор болуп жатат. Моралдык жактан жабыркады. Оор операцияны баштан кечирип, эки күн реанимацияда жаткан. Ушул себептерден улам компания ага 50 миң доллар төлөп берүүсүн талап кылабыз.

Митингге чыккан “Эреп” коомдук уюмунун жетекчиси Мирзат Ажиев “Бета-Сторес” соода борборунун жетекчилигине карата мындай кескин кадамдарга эмне себептен барганын “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү.

- Мындай радикалдуу кадамга барганыбыздын себеби, Чолпон Орузбаева качан сабалды эле, канча ай өтүп кетти андан бери? Бирок жумуш берүүчү катары бир да жетекчиси басып келип, анын ал-абалын сурап, “ал тигил биздин түрк жараныбыз акмак экен” деген сөзүн айтып, “эмне жардам керек “ деп кайрылып койгон эмес... Ошондуктан биз ушундай кадамдарга барып жатабыз.

Ал ортодо Бишкек милициясы Гүнеш Йылмаз колго түшүрүлө электигин “Азаттыкка” кабардар кылуу менен ага издөө салынганын дагы бир сыйра тастыктады.

Адегенде Чолпон Орузбаеванын денесине оор жаракат келтирди деген айып менен Гүнеш Йылмазды камакка алуу боюнча сот өкүмү чыккан эле. Анан Бишкек шаардык соту бул өкүмдү өзгөртүп, айыпталуучуну үй камагына бошоткон. Кийинчерээк Жогорку Сот түрк жаранын камакка алуу боюнча баштапкы соттун өкүмүн калыбына келтирген. Бирок Бишкек шаар соту үй камагына чыгарып жиберген түрк жаранынын кайда экени азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG