Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

ЕБ Лукашенкого кысымын дагы күчөтөт


Беларустагы президенттик шайлоого арналган конкурстагы фотосүрөт.
Беларустагы президенттик шайлоого арналган конкурстагы фотосүрөт.

ЕБ тышкы иштер министрлери бүгүн Брюсселдеги жыйынында Беларус президенти Лукашенконун чиновниктеринин кара тизмесин дагы кеңейтет.

Буга чейин Брюссел 190 Беларус аткаминеринин Биримдиктин өлкөлөрүнө каттоосуна тыйуу салган жана алардын банктардагы эсептерин “тоңдуруп” койгон. Жыйында Беларус компанияларына каршы санкция колдонуу маселеси да колго салынышы ыктымал.

Евробиримдиктин бийик даражалуу беларус чиновниктерине каршы катаал чарага баруусу былтыр декабрдагы талаштуу президенттик
Оппозиция активисти Павел Северинец сотто. Минск. 11-май 2011
шайлоодон кийинки оппозиция уюштурган демонстрациянын катышуучуларын куугунтуктоолорго түздөн түз байланышкан. Өткөн айда эле нааразылык акциясына тиешеси бар деп айыпталып, былтыркы шайлоодо президенттикке талапкер болгон үч саясатчы түрмөгө кесилген.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Катерин Эштондун өкүлү Мая Косиянчичтин “Азаттыкка” айтышынча, Брюсселди айрыкча оппозиция мүчөлөрүн абакка салуулар тынчсыздантууда жана аларга тезинен эркиндик берүүнү талап кылат деген ишенимде:

- Алар бул окуяларды айыптаганын кайра тастыкташып, бардык саясый туткундарга токтоосуз эркиндик берүүгө дагы бир жолу чакырышат деген үмүттөмүн. Ошондой эле Беларуска болочокто кандай кысым жасоонун жолун карап көрүшөт.

Евробиримдик биринчи кезекте кара тизмеге оппозиция мүчөлөрүн жазалоого жооптуу сотторду киргизээри айтылууда. Мындан тышкары бир нече компаниянын, анын ичинде курал-жарак жасоочу-Белтехэкспорттун мүлкүн “тоңдуруу” жагы каралууда. Бирок Италия жана Латвия катаал чарага анча көңүлдөнбөй жатышат. Латвия санкциядан Белоруста иш жүргүзгөн латвиялык компаниялар зыян тартат деп кооптонорун мурда билдирген.

Финляндиянын тышкы иштер министри Александр Стубб бүгүн Брюсселге келер замат “Азаттыкка” берген интервьюда Беларуска каршы чара өтө кылдат таразаланып туруп кабыл алынарын айтты:

- Менимче, санкция колдонууда өзгөрүүлөргө үндөгөн адамдарды бутага албоо ар дайым маанилүү. Ошон үчүн дайыма чара колдонууда мыкты жолду тандаганга аракет кылынат. Алар дайыма 100 процент туура жолду тандарына ишене албайм.

Жыйында Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери январдан бери биринчи жолу Беларустагы кырдаалга баа беришет. Өлкөдөгү жагдайды талдоо уюм Беларуска чоң маани бергенин жышааналайт. Бирок кандай бүтүм жасалары азырынча беймаалым. Ал эми Мая Косиянчичтин сөзүнө караганда, Биримдик кайсы бир өлкөдөгү кырдаалды талкуулап, баа бергенде адам укугунун абалын жакшыртууга жана мыйзамдуулукту сактоого көп көңүл бурат.

Катаал чаранын жактоочулары болсо Биримдиктин бүтүмүн “куру сөз” деп сындап жүрүшөт.

Маалыматтарга караганда, Брюсселде Европа инвестициялык банкы менен Европанын реконструкция жана өнүгүү банкынын Беларустагы ишкердүүлүгү да талкууланат. Бул эки банк ансыз деле акыркы мезгилде Беларустагы ишмердигин бир кыйла басаңдаткан.

Бул жыйын Беларус оор финансылык абалда турганда өтүүдө. Минск бир нече апта илгери Эл аралык валюта фондунан ири суммада кредит сураган. Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдтин айтымында, азыр Беларустун абалы Грекиядагыдан да татаал жана коллапска же кыйраганга жакын турат.

XS
SM
MD
LG