Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Асад: кризис үчүн «кутумчулар» күнөөлүү


Сыналгыдан бүт өлкөгө кайрылуусунда Башар ал-Асад үч айдан берки толкундоолорду айыптап, улуттук диалогго чакырды, бирок бул үчүн «кутумчулар» менен реформаны «мыйзамдуу» талап кылган адамдарды айырмалаш керектигин эскертти. Оппозициянын эсебинде март айынан бери өкмөткө каршы демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылыштарында 1400дөн ашык киши набыт болуп, 10 миңдейи камакка алынды. Өлкөнүн түндүк-батышындагы кагылыштардан улам 10 миңден ашык жаран Түркиянын аймагына өтүп барды. Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери бүгүн Люксембургда Ассаддын режимине каршы сакциялардын жаңы топтомун караштырып жатат.

XS
SM
MD
LG