Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Евро-аймак Грекияга жардам боюнча чечим чыгарган жок


Евро-аймагына кирген өлкөлөрдүн каржы министрлери Грекияга жардамдын кийинки траншын берүү тууралуу чечим кабыл алуу маселесин кийинкиге калтырды. Люксембургдагы жыйында Германиянын финансы министри Волфгаң Шойбле мындай деди:

- Тез чечим кабыл алынышы керек, бул туура. Бирок чечимди биз эмес, Афинанын өкмөтү кабыл алышы керек. Келерки насыя өз убагында төлөнүшү үчүн Грекия зарыл шарттардын бардыгын аткарышы керек. Европа да өзүнө алган милдеттенмени аткарат.

Жыйында айтылгандай, Афины өкмөтүнө келерки айда 12 миллиард евронун берилиши чыгымдар жана мамлекеттик менчикти сатуу боюнча мыйзамдардын грек парламентинде кабыл алышына көз каранды болмокчу. Өкмөт башчысы Георге Папандрео кечээ гректерди салыктарды көбөйтүп, чыгымдарды азайтып, ишканаларды жеке менчиктештирүү пландарына колдоо көрсөтүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG